Журналист жана акын Жолдошбек Зарлыкбеков дүйнө салды

Жазылуу
Ал акыркы жылдары Де-факто гезитинде иштеп, кийин катуу оорусуна байланыштуу үйдө отуруп калган.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Журналист, акын жана котормочу Жолдошбек Зарлыкбеков бүгүн узакка созулган оорудан ооруканадан дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти.

Адабиятчы жана журналист Олжобай Шакир уулу анын бир да китеби чыкпай, бирок эл сүймөнчүлүк менен окуган автор экендигин айтты.

"Ал мыкты журналист, акын, прозачы гана эмес, мыкты котормочу эле. Орто муундун өкүлдөрү арасынан бир да китеби чыкпай, бирок эл арасында сүймөнчүлүккө арзыган адамдардан болуп калган. Жолдошбек байке көзүнүн тирүүсүндө тиешелүү деңгээлде баркталган жок", — деди Шакир уулу.

Зарлыкбеков катуу ооругандыгына байланыштуу ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0