Сокулукта нөшөрдөн улам жер көчкү жүрүү коркунучу жаралды

© фото очевидца Эркина А., отправленное по Whats App-каналуСокулук районундагы Асыл-Баш айылында нөшөрлөгөн жаан этегинде көрүстөн жайгашкан тоодон жер көчкү жүрүү коркунучун жаратты
Сокулук районундагы Асыл-Баш айылында нөшөрлөгөн жаан этегинде көрүстөн жайгашкан тоодон жер көчкү жүрүү коркунучун жаратты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кооптуу жерде көрүстөн бар экендиги маалымдалды. Жергиликтүү жашоочулар жер көчсө көрүстөндү да алып кетерин айтышууда.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы Асыл-Баш айылында нөшөрлөгөн жаан этегинде көрүстөн жайгашкан тоодон жер көчкү жүрүү коркунучун жаратты. Бул тууралуу WhatsApp аркылуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Асыл-Баштын айыл өкмөтү тоолордун биринде азыраак жер көчүп, жаракаларды пайда кылганын ырастады.

"Бул нөшөрлөп куйган жаандан улам болду. Чараларды көрүп, тийиштүү мекемелерге кайрылабыз", — дешти айыл администрациясынан.

Кара-Сууда сел жүрүп, Ош — Эркечтам унаа жолу жабылып калды
Синоптиктердин божомолу боюнча жаан бул аптада да токтобойт. Өткөн жумада да жаан-чачындуу аба ырайы сакталган.

Эскерте кетсек, апрелдин соңунда Жалал-Абаддын Сузак районунда жер көчүп, андан бир өспүрүм өмүрү менен кош айтышкан. 

Эгер сиз кандайдыр бир окуянын күбөсү болсоңуз, аны сүрөткө же камерага тартып алсаңыз, медиафайлдарды +996 706 566 544 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0