Ажылык сапарга барчуларды каттоо 11-майда аяктайт

© Фото / пресс-служба ДУМКАжылык сапарга чыгып жаткан зыяратчылар. Архив
Ажылык сапарга чыгып жаткан зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстан боюнча 34 каттоо жайы иштеп жатат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Ажылык сапарга барчуларды каттоо иши 11-майда аяктай турганын муфтият билдирди. 

Эртеңден баштап каттоо жүрүп жаткан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда зыяратчыларды каттоо иши токтойт.

Учурда каттоо иши Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп, жалпысынан 34 каттоо пункту иштөөдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0