Активист жалпы өлкө биригип ракты дарылоочу аппарат сатып алууну сунуштайт

© Сэм БараталиевАктивист Динара Аляева. Архив
Активист Динара Аляева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер ар бир 12чи кыргызстандык бир доллардан берсе, чогулган акчага рак шишигинен арылтуучу аппарат сатып алууга болот.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Активист Динара Аляева социалдык тармак аркылуу рак илдетин дарылай турган аппарат сатып алууга каражат топтоону сунуштады.

Көзү азиз кыргызстандык согушта дайынсыз жоголгондорду табууга жардам берүүдө
Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин онкология маселелерине арналган жыйында Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы (ММКД) Марат Калиев рак илдетине чалдыккандардын дартын аныктап, аларды дарылай турган аппарат өтө кымбат болгондуктан жакын арада өкмөт аны сатып ала албай турганын билдирди.

Мындай аппараттардын баасы болжол менен 500 миң доллар турат. Аляева эгер ар бир 12чи кыргызстандык бир доллардан берсе, чогулган акчага керектүү жабдуу сатып алууга болорун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Бул демилгени көпчүлүгү колдоду. Бул мени абдан таасирлентти. Банктан эсеп ачтык, эми болгону каражаттын чогулушун күтүү керек", — деди ал.

Аляева керектүү жабдууну сатып алуу демилгесин мындан бир нече жыл мурун эле айтканын, бирок аны сатып алууну каалагандар эми гана пайда болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0