"Футбол сулуусу" наамына 10 кыз талапкерлигин койду

Жазылуу
Эң сулуу кызды футбол сүйүүчүлөрү тандайт. Жеңүүчү атыккан кыз футбол боюнча курама тобун бардык эл аралык иш-чараларда коштоп жүрөт.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. "Футбол сулуусу — 2016" наамына 10 кыз талапкерлигин койгондугу тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Жыл сайын өткөрүлө турган иш-чара 14-апрелде жарыяланган. Сынакка бардык кыздардын катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал үчүн press@ffkr.kg дарегине сүрөт жиберүү талабы коюлган.

Футбол федерациясынын маалыматына ылайык жалпы 35 гана сүрөт келген. Анын ичинен ону тандалып алынды. 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол командасы FIFA рейтингинде 100-ордун сактап калды
Акмөөр Базиева, Айдана Оторбаева, Алла Пономаренко, Анара Рахманова, Милана Досанова, Акылай Жамакеева, Карина Уразова, Элеонора Солтонбаева, Камилла Бабажанова жана Азира Байышова сынактын экинчи туруна өтүштү. 

Катышуучулардын сүрөттөрү азырынча элге жарыялана элек. 11-майда алар экинчи турдун шарттары менен таанышат. 

Эң мыкты талапкер кыз федерациянын сайты аркылуу добуш берүү жолу менен тандалат. Жеңүүчү аталган катышуучу Кыргызстандын футбол боюнча курама тобун бардык эл аралык иш-чараларда коштоп жүрөт. 

Өткөн жылы Акеля Жумалиева жеңүүчү аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0