"Ак кула" ипподромуна жаңы үлгүдөгү тай казандар орнотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековСоревнования по кок-бору в честь праздника Нооруз в Бишкеке
Соревнования по кок-бору в честь праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң мыкты делген спортчуларга 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө өтө турган II Көчмөндөр оюндарына жолдомо берилет. "Ак кула" ипподромунда жаңы үлгүдөгү тай казандар орнотулду.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Улуттук көк бөрү оюнунун спортчулары дүйшөмбү күнү Бишкекте өтө турган турнирде өзгөчө үлгүдөгү тай казандарга күбө болушат. Андагы тайказандар сары түскө боёлуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун логотиби тартылган. 

Тайказан — көк бөрү оюнчулары үчүн орнотулган дарбаза болуп эсептелет. Оюн эрежеси боюнча улакты каршылаштын казанына салуу керек. Ошондо гана упай эсептелет. Буга чейин тайказандар бозомтук түстө болуп келген. 

© пресс-служба Дирекции по национальным видам спорта КР"Ак кула" ипподромуна орнотулган жаңы үлгүдөгү тай казан
1/2
"Ак кула" ипподромуна орнотулган жаңы үлгүдөгү тай казан
© пресс-служба Дирекции по национальным видам спорта КРАндагы тайказандар сары түскө боёлуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун логотиби тартылган.
2/2
Андагы тайказандар сары түскө боёлуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун логотиби тартылган.
1/2
"Ак кула" ипподромуна орнотулган жаңы үлгүдөгү тай казан
2/2
Андагы тайказандар сары түскө боёлуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун логотиби тартылган.

Улуттук спорт дирекциясынан билдиришкендей азыркы түс сыноо үчүн гана алынды. Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тай казандар жашыл түскө боёлот. 

Кыргызстандын Кувейттеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов өлкөнүн спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Ахмад Абдульраззак Аль-Кхазал менен жолугуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына Кувейт мамлекети чакырылды
Турнир дүйшөмбү күнү Бишкектеги "Ак-Кула" ипподромунда өтүүдө. Анда "Кең Талас" менен "Талас" командалары үчүнчү орун үчүн ат салышат. Ал эми финалдык оюнда "Сары-Өзөн" жана "Достук" командалары беттешет. 

Көк бөрү боюнча турнир 5-майда башталган. Оюн Улуу Жеңиш күнүнө, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун жана белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган. 

Эң мыкты делген спортчуларга 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө өтө турган II көчмөндөр оюндарына жолдомо берилет. 

Көк бөрү — бул байыркы оюндардын бири. Ар бир командада төрттөн оюнчу бар. Оюн эки таймга бөлүнүп ар бири 20 мүнөттү түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0