Айжан Асемова: энесинин эркелери менен көпкөн мырзалар мени кызыктырбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Айжан Асемова
Кыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Айжан Асемова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаевага өз эриндери канчалык табиягый экени жана аялы бар кишини чын эле бүлөсүнөн тартып алып-албаганы жөнүндө ачык айтып берди.

Мен интервьюдан кайтып келгенде редакциядагы кыздар: "Ал чын эле макоо бекен, ээ?" деп кызыгышты. Жок, Айжан Асемова — акылдуу кыз экен. Ошентсе да, мындайды биздин – аялзатынын психикасынын кабыл алуу кыйын: жаш, сулуу, акыл-эстүү, анан калса, акчаны да көп табат. АКШда болсо да бир жөн, ал бул жакта эле жашайт. 

— Бир нече жыл мурун соцтармактар алдыга илгерилеп, анын артында келечек турары эч кимдин оюна да келген эмес. Сиз ошондо эле бир билгениңиз болсо керек?

— Мен деги эле бул жөнүндө ойлогон эмесмин. Инстаграмга чейинки доордо мен Мейл.ру (Мой Мир) соцтармагынан чыкчу эмесмин. Баары ошондон башталган. Анан Инстаграм пайда болду. Бирок ал мынчалык популярдуу болуп кетет деп мен эч ойлогон эмесмин! 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Айжан Асемова
Интервью с инстаграм-звездой Кыргызстана Айжан Асемовой - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Айжан Асемова

— "Мой мирде" дагы атактуу белеңиз? Он миңдеген лайк, жүздөгөн комментарийлер болду беле?

Үйлөнүп жаткан түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бойдокчулук менен качан коштошуу керек? Үйлөнүү көйгөйү
— Көп деп айта албайм. Кадимки эле баракча. Инстаграмды мен төрт жыл мурун ачкам. Беш миң жазылуучу бир заматта эле топтолду. Анда бул "вау!" дегендей эле болчу. Досторум: "Муну кантип кылдың?" деп жанымды коюшпайт. Анан менин баракчамды иштен чыгарышты. Мен жаңысын ачып, кайра жазылуучуларды топтой баштадым. Алардын саны качан 10 миңден ашат деп күттүм. Анда баракчада "10К" күймөк. Мындай "К" тамгалуу болуу укмуш эле! Бирок 9300 жазылуучуга жеткенде кайра иштен чыгарышты! 

9800 жеткенде эле… кайтадан иштен чыгарышты! Азыркы аккаунт — менин төртүнчү аракетим. 408 миң жазылуучум бар. Баракчама эки жыл болду.

— Шаарда толгон сулуу кыздар бар, бирок сиздикиндей ийгиликке эч ким жете элек. Сиздин кандай сыйкырыңыз бар? Эмнеге сизди ушунча көргүлөрү келет? 

— Сапаттуу сүрөттөрдү жасайм, ар бир кадрга жан-дилим менен мамиле кылам. Эч кандай бөтөнчө техникам деле жок. Мына бул смартфонду алганыма бир эле жыл болду. Мурда сүрөткө түшүш үчүн досторумдун телефонун сурачумун. Ошондо да менин сүрөттөрүм жаман болчу эмес. 

— Сүрөттөрүңүздү фотошоп менен жасаган учурлар көп болобу?

— Жок, эң көп дегенде, фоторедактор аркылуу фильтрлейм, болгону ошол. Бир жолу ачуум келип, 50 фильтр сатып алгам. Бирок экөөнү эле колдоном. 

— Сизге жазылган орто статистикалык адамды сүрөттөп бериңизчи? Ал ким? Аялбы, эркекпи? Эмнеге кызыгат?

— Бул 11-17 жаштагы кыз десем болот. Мен алар үчүн кайсы бир деңгээлде үлгү экенимди түшүнөм. Алар менин жеке баракчама: "Сенин аркаң менен мен өзүмдү карай баштадым жана өзүмө ишенич пайда болду" деп көп жазышат. 

Эстрада ырчысы Каныкей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Каныкей: мен эксперименттерди жасай турчу курактан өттүм
Эркек балдар көп жазышат. Улуу курактагы аялдар көп пайда болгонун жакында байкадым. Айрымдары эне катары мени колдоп, жамандыктан коргоп, кеңеш бергенге аракет кылышат.

Анча акылы терең эмес, бирок ыза кыла турган нерселерди жазган эжекелер да бар. Алардан эмнем кем экенин түшүнгүм келип, кээде профилидерине кирем. Алардын да балдары бар экенин билип таң калам. Акылдуу аял бейтааныш эле кызга болбогон бир нерселерди жазып убакыт коротобу? Ошол убактысын, андан көрө, өз балдарына жумшабайбы!

— Жүзүңүздө баарынан эмнеңиз сулуу?

— Комментарийлерге караганда, элге менин кашым, эриндерим абдан жагат. Ошон үчүн каш жасалгалоочу чебер болуп иштеп калдым. Мен кыздардын кашы көрктүү болгондой кылам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Айжан Асемова: ар бир кадрга жан-дилим менен мамиле кылам.
Интервью с инстаграм-звездой Кыргызстана Айжан Асемовой - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Айжан Асемова: ар бир кадрга жан-дилим менен мамиле кылам.

Баса, эриндерим өзүмдүкү. Бирок инстаграмдын билермандарын буга ишендирүү кыйын го.

— Эриндериңиз чын эле өзүңүздүкү экени көрүнүп турат. Жаш жигиттерчи? Жеке дарегиңизге көп жазышабы?

— Албетте, абдан көп. Күнүнө 5 билдирүү келет. Дегинкиси, балдар таанышалы деп жазышса, кыздар косметика же кийим жөнүндө сурап жазат. Бирок мен айрым постторумда эмнелерди колдонорумду кенен жазам. 

 

Part 3☺️

Видео опубликовано A I J A N A S E M O V A (@aijanasemova_) Окт 12 2015 в 6:19 PDT

 

— Инстаграм жылдыздарынын бир жалпы өзгөчөлүгү бар — алар эч качан пайдалануучулар менен комментарийлерде көп сүйлөшпөйт. Эмне үчүн?

— Албетте, баарына тең жооп жаза бербейм, себеби мунун кажети жок. 200 комментарийге жооп бериш кыйын, ошондуктан өз тааныштарыма гана жооп берем. 

— Сиздин баракчаңызда бир нерсени жарнамалап коюу жөнүндө алгачкы сунуш эсиңиздеби? 

— Ал кезде менин 7-8 миң жазылуучум бар болчу. Мага бир косметика дүкөнү жазган. Алар мага постум үчүн сурма боёгуч жана ооз боёк сунушташкан. Анда өзүмдү аябай бактылуу сезгем! Досума: "Элестетсең, мунун баары канча акча турат. Мага болсо белекке беришти!". Анда мындай иштер жаңы эле башталып жаткан.

Үйгө чуркап келип, боёнуп, сүрөткө түшө баштадым дейсиз. 

— Пост үчүн сизге канча төлөшөт? 
— 200 доллардан кем эмес.

— Түшүнүксүз бир продукцияны жарнамалоону сурагандар болду беле?

— Жакында эле мага үйлөнүү үлпөт кортежи жөнүндө маалыматты жарыялоону сунушташты. Эмнеге десеңиз? Менин кандай тиешем бар? Мен өзүмө жакканды, каалаганымды гана жарнамалайм. Акча үчүн эле бир нерсе жасаш мени кызыктырбайт. 

— Мындай жагымдуу сунуштар көп келеби?
— Кээде күн сайын болсо, кээде бир айда бир жолу да болбой калат. 

— Сиздин сүрөтүңүздүн алдындагы талаш-тартыштарды көп көргөм. Улутуңуз ким экенин талашып, жаман-жакшы сөзгө чейин барышат. Сырыңызды айтсаңыз!

— Чын эле уят сөздөр көп! Казактар мени казак дешсе, кыргыздар кыргыз дешет. Айрымдары мени такыр эле орус кылып коюшат. Мен кыргызмын, казактын канынан бир тамчы да жок. 

— Кайсы сүрөтүңүздү эч качан элге алып чыкпайт элеңиз?
— НЮ стилиндегини. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Айжан Асемова: элге менин кашым, эриндерим абдан жагат.
Интервью с инстаграм-звездой Кыргызстана Айжан Асемовой - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Айжан Асемова: элге менин кашым, эриндерим абдан жагат.

— Мен сиздин телефонуңузду издештирип жатканда, сизди кыздар менен жай-баракат сүйлөшө берет, бирок өз кадыр-баркын кетирбеш үчүн эркек балдар менен сүйлөшпөйт деп айтышкан. Ушак-айыңдар менен жашоо канчалык кыйын? 

— Өтө кыйын. Чынын айтсам, мен мындан жабыркап да калам. Мисалы, жигитим менен бир жерге эс алганы барсам (баса, сүйлөшкөн балам бар!), менден көз албай карашат. Өзүмдү ыңгайсыз сезем. 

— Сиз жөнүндө эң акылга сыйбаган айың кеп кайсы болду?

— Жакында мени аялы-баласы бар киши менен жолугуп жүрөт деп кеп кыла башташты. Менин жигитим 19 эле жашта экени аларга баары бир!

— Үйлөнгөн киши менен мамиле түзө алат белеңиз?
— Жок, бул өзүн сыйлабагандык!

— Сулуу кыздар адатта акылы жок деген көнүмүш пикирге кандай карайсыз?
— Мен сулуу кыздарды көп жолуктурам. Билесизби? Сулуу да, акылдууда болсо болот. 

— Өзүңүздүү акылдуумун деп эсептейсизби?
— Башкалардан акылдуумун дебейм. Бирок 18 жаш үчүн мен акыл-эстүүмүн. Азыр Улуттук университеттин журналистика факультетинин 1-курсунда окуйм. Качандыр бир кезде пиар кызматчысы болом. 

— Курсташ кыздарыңыз Public Relations жаатында алар менен Айжан Асемова өзү окуй турганын билгенде кандай кабыл алышты? 

— Менин тобум мени билчү эмес. "Вау" же "фу" деген көз караштарды жолуктурбаганыма аябай кубангам. Башка факультеттердин студенттери болсо "ой, бул жерде эмне кылып жүрөт?" дегендей карашкан. Бирок, башкысы, менин тобум жакшы. 

Адатта байкамаксан болуп коём. Бирок чынында ар бир көз карашты байкайм, ал тургай, атымды да угам. 

— Уруш-талашка көп себеп болосузбу? Мисалы, сүйүшкөндөрдүн үч бурчтугу дегендей?

Адамдардын жүзүн өзгөрткөн жылмаюу
— Андай болгон. Менин таанышымдын жигити мага сөз айта баштады, бирок ал кезде экөө бир жылча сүйлөшпөй калышкан. Мунун эмнеси жаман деп ойлогом, себеби жигиттин башы бош эле да. Биз жөн гана сүйлөшүп жүрдүк. 

Тиги кыз болсо мени менен мушташа кетти. Жигит үчүн мушташкан уят деп эсептейм. Кыз катары өз баркыңды сактай билиш керек. Ошондон кийин ушак сөз көп болгон, алардан араң кутулдум! Экөө менен тең сүйлөшпөй калгам. 

— Сиз өзүңүз эле сулуусузбу, же жөн гана өзүңүздү жакшы карайсызбы? 

— Мен өзүмдүн сырткы келбетиме туура мамиле кылам жана кемчиликтеримди да, артык жактарымды да көрүп турам. Мен өзүмдү жакшы карайм. Бул мен үчүн биринчи орунда турат. Жакшы каранган кызды көргөндө аны сулуу деп айткандан тартынбайм. 

— Сулуулугуңуздан пайдаланган учуруңуз болгонбу?

— Болгон. Бирок атайылап эмес. Мисалы, дос кызым менен келе жатабыз дейли. Жолдун башка тилкесине өтүш керек болот. Досум: "Терезени ачып, өткөрүп кой деп сура, сага жок дебейт, сен сулуусуң да" дейт. Мен терезени ачам, тиги машинаны айдап бараткан киши жылмайып, өткөрүп жиберет. 

— Акча, белек, ээлеген орду менен сизди багындырууга аракет жасагандар болду беле?

— Мен 25 жаштан улуулардан оолак болууга аракет кылам. Мени коркуткан учурлар да болгон. Мисалы, бир киши мага толгон белек жасап, атын жазбай гүл, таттуу, оюнчуктарды жиберип жүрдү. Анын ким экенин билгенде, мындайды токтотууну сурагам. Ал болсо мага кечинде келип, үйгө кирип бара жатсам: "Сүйлөшөлү" дейт. Колумдан кармап алып, бир нерсе деп кыйкыра баштады. Жулунуп чыгып, подъездге кире качтым. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Айжан Асемова: мен кыргызмын, казактын канынан бир тамчы да жок.
Интервью с инстаграм-звездой Кыргызстана Айжан Асемовой - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын башкы инстаграм-жылдызы Айжан Асемова: мен кыргызмын, казактын канынан бир тамчы да жок.

— Биздин өлкөдө эркектер аялдарга жакшы мамиле жасаганды билеби?

Бишкектик 10 сулуу. Жакшы кыз жакадагы кундуз
— Дегинкиси, энесинин эрке балдары жана көпкөн мырзалар мени кызыктырбайт, татыктуу эркектер, мырза деп атоого татыктуулар аз. Бирок бекерчи, акылсыз балдар толтура. Алар аялдарды кемсинткен учурлар көп. Бир гүл белек кылып коюшуп, эми алардын жоомарттыгы үчүн аял тизе бүгө баш иет деп күтүшөт. Ал тургай, маршруткаларда көп эле жаш жигиттер кыздарга орун бербейт. Биздин күчтүү түгөйлөрүбүз мени өкүндүрөт. 

— Сиз ушунча жакшысыз! Менимче, сизге жөн гана сүйлөш үчүн, жигиттин жок эле дегенде, яхтасы, Монакодо үйү болуш керек…

— Мен үчүн эң башкысы жигиттин акчасы эмес. Негизгиси, анын көздөгөнү, максаты, ага жетем деген чоң далалаты болуш керек. Мен болсо анын жанынан чыкпай, жардам берем. Эгер ал ата-энесинин эсебинен жашагысы келсе, эч качан чыныгы эркек боло албайт!

— Өзүңүздү беш жылдан кийин кандай көрөсүз? Кандай болосуз? Эмне менен алектенесиз?

— Менде эки вариант бар. Апа болсом болот. Балдарымды багып, түрдүү курстарга алып барып, өзүмдү карайм, иштейм. Же баарын таштап салып бир жакка учуп кетем. Эмне кыларымды азырынча билбейм. 

Жаңылыктар түрмөгү
0