"Өлбөс полк" жөө жүрүшү учурунда жабыла турчу көчөлөрдүн тизмеси жарыяланды

Жазылуу
Жөө жүрүш Түштүк дарбазадан башталып, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу Фрунзе көчөсүнө чейин түшүп келип, "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отто жыйынтыкталат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кайгуул милиция (КМ) 9-майда "Өлбөс полк" жөө жүрүшү учурунда жабыла турчу көчөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, 9-май күнү эртең мененки саат 7.30дан тарта төмөнкү көчөлөр жөө жүрүш аяктаганга чейин жабылат. Алар:

Байтик-Баатыр — Абдрахманов көчөлөрү Түштүк магистралдан тарта Фрунзе көчөсүнө чейин;

  • Орозбеков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн тарта Чүй проспектисине чейин;
  • Раззаков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн тарта Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй преспектиси Орозбеков көчөсүнөн баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн баштап Ибраимов көчөсүнө чейин;
  • Шопоков көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен баштап Фрунзе көчөсүнө чейин.

Кайгуул милиция башкармалыгы Бишкек шаарынын тургундары менен конокторуна өз маршруттарын алдын ала пландоону сунуштайт.

Белгилей кетсек, "Өлбөс полк" Түштүк дарбазадан башталып, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу Фрунзе көчөсүнө чейин түшүп келип, "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отто жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0