Кара-Балтада Жеңиш күнүнө арналган автожүрүш башталды

© Алина БлаговаКара-Балтада Жеңиш күнүнө арналган автожүрүштүн катышуучулары.
Кара-Балтада Жеңиш күнүнө арналган автожүрүштүн катышуучулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28 автоунаадан турган колонна Кара-Балта, Сокулук жана Чалдовардан өтөт.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кара-Балта шаарында Жеңиш күнүнө арналган автожүрүш башталды. 

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан мурунку СССРдин курамындагы республикалардын желегин желбиреткен 28 автоунаа шаардын башкы көчөлөрүнөн өттү. Алгач иш-чарага 45 машинанын катышуусу күтүлүп жаткан.

Акцияга жаштар жана ардагерлер катышты. Согуштун катышуучусу Павел Нестеров 21 ардагердин төртөө гана аталган иш-чарага келгенин белгиледи.

"Кара-Балтада 21, ал эми Жайылда болгону тогуз ардагер калды", — деди Нестеров.

Автожүрүш "Кара-Балта – Сокулук – Чалдовар – Кара-Балта" багыты боюнча өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0