Мэрия согуш ардагерлерине материалдык жардам көрсөтө баштады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСогуш ардагеринин медальдары. Архив
Согуш ардагеринин медальдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ардагерлерге, блокадачыларга, концлагерь туткундарына 10 миң сомдон, ал эми ооруктагы эмгекчилерге жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө беш миң сомдон төлөнүп берилет.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата материалдык жардам көрсөтүлө баштаганын шаардык мэрия билдирди.

Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 821 катышуучусу жашайт
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө борбор калаада 1762 ардагер жашайт. Алардын арасында концлагерлерде туткундалгандар, Ленинград блокадачылары, ооруктагылар бар. 

Жеңиш күнүнө карата шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 299 ардагерге 10 миң сомдон, ал эми ооруктагы эмгекчилер, согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө беш миң сомдон бир жолку жардам көрсөтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0