Депутаттар Сирияда каза болгон офицердин үй-бүлөсүн Ысык-Көлгө чакырды

© Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүСирияда каза болгон офицер Александр Прохоренконун үй-бүлөсүнө медаль тапшыруу учурунда. Архив
Сирияда каза болгон офицер Александр Прохоренконун үй-бүлөсүнө медаль тапшыруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык офицер Пальмиранын жака-белинде согушкерлерге сокку уруп жатканда курман болуп, ага баатыр наамы ыйгарылган.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын депутаттары Сирияда курман болгон россиялык Александр Прохоренконун үй-бүлөсүн Кыргызстанга, анын ичинен Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан кабарлашты. 

Согушкерлер сириялык аскер учагынын пилотун кармап алганын айтышты
Жыйырма беш жаштагы россиялык офицер Пальмиранын жака-белинде согушкерлерге сокку уруп жатканда курман болгон. Ага РФ президенти Владимир Путиндин Жарлыгы менен Россиянын баатыры наамы ыйгарылган.

Чакыруу каты РФтин Кыргызстандагы элчилигине тапшырылган.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев террорчулукка каршы туруп курман болгон Прохоренконун каармандыгын "Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдиги менен бир катарда турарын" айтты.

"Улуу Жеңишти майрамдоо алдында биз аталарыбыздын эрдигин эстеп жана андан үлгү алышыбыз керектигин белгилеп кетким келет. Александрдын үй-бүлөсүн берметибиз болгон Ысык-Көлдө эс алып, биздин меймандостугубузду көрүп кетүүгө чакырат элем",— деди Төрөбаев.

Фракция атайын даярдыктагы курман болгон россиялык аскердин үй-бүлөсүнүн Кыргызстанга келгендеги бардык чыгымын көтөрүүгө даяр экенин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0