Спикер Турсунбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын конституциясы. Архив
Кыргыз Республикасынын конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турсунбеков Баш мыйзамдын акыркы редакциясы кабыл алынгандан тарта коомдо өзгөрүүлөр башталды деген пикирин билдирген.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктап, Баш мыйзам акыркы редакциясы кабыл алынгандан тарта коомдун бардык тармагында кайра куруулар менен туташ өзгөрүүлөр башталгандыгын айтты. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

"Өлкөнүн ички жана тышкы мамилелеринин негизин жөнгө сала турган Баш мыйзамдын кабыл алынышы – Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң орчундуу окуялардын бири. Ал мыйзам үстөмдүүлүгүн орнотууга карай жасалган өтө олуттуу кадам болуу менен, эгемендикке ээ болгон өлкөнүн өз алдынча ишенимдүү кадам таштоосуна жол ачты", — деп айтылат Турсунбековдун куттуктоосунда.

Жогорку Кеңештин төрагасы Баш мыйзамдын акыркы редакциясы кабыл алынгандан тарта коомдо өзгөрүүлөр башталды деген пикирин билдирген.

"Негизги мыйзамдын акыркы редакциясы кабыл алынгандан тартып, коомубуздун баардык тармагында кайра курумдар менен туташ өзгөрүүлөр башталды. Мамлекеттик органдардан тартып, жергиликтүү бийликтерге чейин жаңылануу аракетин баштан кечирүүдө",— деп айткан спикер Турсунбеков.

Ал Баш мыйзам коомдогу өзөктүү мамилелерди жөнгө салчу тарыхый да, саясий дагы башкы документ болуп саналарын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0