22:30 23 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Жеңиштин 71 жылдыгын белгилөө (48)
108 0 0

Учактар Уралдын баш калаасындагы парадга даярдыктарды көрөт.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстандан Уралга учуп кеткен Су-25СМ үлгүсүндөгү россиялык учактар 9-майда Екатеринбургда болуучу парадга катышат. Бул тууралуу РФтин Борбордук аскер округу билдирди.

Маалыматка ылайык, Су-25СМ учактары Кант шаарында авиабазадан Россиянын Шагол аэродромуна учуп кетишти.

"Эртең Москва убактысы боюнча 08.30да учактар Уралдын борборунда боло турчу парадга даярдык көрүү иш-чараларына катышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул даярдыкка Ми-26 менен Ми-8 тик учактары, Су-24М, Миг-31БМ аскер учактары, Ан-26, Ан-12 менен Л-410 транспорт учактары катышат. 

Андан сырткары парадга 2,5 миңден ашык аскер, 100дөй аскер техникасы тартылууда.

Тема:
Улуу Жеңиштин 71 жылдыгын белгилөө (48)

Тема боюнча

"Өлбөс полк" жүрүшү Бишкектеги Түштүк дарбазадан башталат
Быйыл 9-майда аскердик парад пландаштырылган жок
Белгилер:
аскердик парад, Авиация, Кант, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ