Жээнбеков БУУнун аткаруу кеңешинин мүчөлөрүн Көчмөндөр оюндарына чакырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков БУУ Аткаруу кеңешинин делегациясы менен жолугушту.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков БУУ Аткаруу кеңешинин делегациясы менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы бир дагы мамлекет Туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдуу максаттарын өз алдынча толук кандуу ишке ашыра албай турганын белгилеп, БУУ агенттиктери менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын билдирди.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда, БУУ Аткаруу кеңешинин делегациясы менен жолугушуп, соңунда аларды Көчмөндөр оюндарына чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына бара турган КР спортчуларынын формасына сынак жарыяланат
Аталган делегация республикада иштеп жаткан БУУ фонддорунун жана агенттиктеринин ишмердүүлүгүн анализдөө негизинде Кыргызстан менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүү алкагында кызматташуунун негизги багыттарын талкуулоо үчүн келген.

Жолугушууда Кыргызстандын жогоруда көрсөтүлгөн БУУ тутумунун структуралык түзүмдөрүнүн линиясы боюнча кызматташуусуна тийиштүү кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Өкмөт башчы маалымдагандай, кыргыз тарап Туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдуу максаттарынын Адаптациялоо, ишке ашыруу жана анализдөө боюнча координациялык комитетин өзгөртүп түзүү ишин жыйынтыктоодо.

"Жакынкы арада анын алгачкы жыйынын өткөрүү пландаштырылууда. Ошондой эле Туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдуу максаттарын улуттук деңгээлде ишке ашыруу боюнча келерки кадамдар боюнча жол картасынын долбоору иштелүүдө", — деди премьер-министр.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЭВФ Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө карап 13,2 млн. доллар берет
Жээнбеков бир дагы мамлекет Туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдуу максаттарын өз алдынча толук кандуу ишке ашыра албай турганын белгилеп, БУУ агенттиктери менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын билдирди.

БУУ Аткаруу кеңешинин делегациясынын жетекчиси Зограб Мнацаканян Кыргызстанда бүгүнкү күндө билим берүү, саламаттык сактоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, демократияны өнүктүрүү жана башка тармактар боюнча кызматташууну координациялаган БУУнун 14 агенттиги иш алып барып жатканын белгиледи.

Делегация Кыргызстандын башка аймактарын да кыдырып, БУУнун фонд жана агенттиктеринин ишин талдоодон өткөрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0