Кайгуул милициясы тендер аркылуу 39,3 млн. сомго автоунаа жана атайын жабдуу алат

© Фото / пресс-служба МВД КРКайгуул милиция кызматкерлери. Архив
Кайгуул милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы Lada Priora үлгүсүндөгү 87 унаа, белги берүүчү түзүлүш менен радиостанцияларды сатып алууну көздөп жатат.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы Lada Priora үлгүсүндөгү 87 унаа сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулардын порталында маалымдалат. 

Автоунаа ачкычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министрлиги дипномерлердин наркын эки эсе арзандатууну сунуштап жатат
Эскерте кетсек, укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул посттук кызматы бириктирилип, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы (КМББ) түзүлгөн. 1-апрелден тарта аталган кызмат Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облусунда иштей баштаган. Ал эми республиканын калган аймактарында Кайгуул милициясы 1-июлдан баштап ишке кирет.

КМББ 87 унаа жана атайын түзүлүштөрдү сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Сынак үч лотко бөлүнгөн. 34,8 миллион сому 2015-жылы чыккан Lada Priora үлгүсүндөгү 87 унаа сатып алууга багытталган. Экинчи лот — 2,70 миллион сомго белги берүүчү жана катуу үн чыгаруучу 87 түзүлүш сатып алууга жумшалат. Мындан тышкары, ушунча эле көлөмдө мобилдүү радиостанцияларды сатып алууга 2 миллион 366,4 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0