Мамлекеттик башкаруу академиясы быйыл абитуриенттерди кабыл алууну токтотот

© Фото / пресс-служба АГУП КРМамлекеттик башкаруу академиясынын имараты. Архив
Мамлекеттик башкаруу академиясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы квалификация жогорулатуу жана магистратураны окуй турган мамлекеттик кызматкерлердин санын көбөйтөт.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Мамлекеттик башкаруу академиясы быйылтан тарта абитуриенттерди кабыл алууну токтотот. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Алмаз Насыров билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен быйылтан тарта академия абитуриенттерде кабыл алуу токтотот. Бирок, окуу жайга буга чейин кабыл алынган студенттер (1,5 миң) окуусун аякташат.

"Окуу жай эми негизги басымды мамлекеттик жана муниципалдык профессионал кызматкерлерди даярдоого жасайт", — дейт Насыров.

Ал ошондой эле кайта даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча жыл сайын 6-7 миң кызматкер окуудан өтөрүн айтты. Ошондой эле, магистратураны жылына 400-500 аткаминер аяктайт. Эми студенттерди кабыл алуу токтотулгандыктан мамлекеттик кызматкерлер үчүн квоталар көбөйөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0