Кыргызстандыктарга жардам берген, куткарган адистердин айлыгы канча

© Sputnik / Табылды КадырбековСтол үстүндөгү тыйындар. Архив
Стол үстүндөгү тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарбия көргөн кишинин эч качан узатпаган суроосу — бул бирөөнүн айлык акысы.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Социалдык тармактарда атка минерлер алган маяна тууралуу маалымат чыгары менен анын көлөмүн өзүнүн же көзгө көрүнбөгөн тыйын үчүн иштеген дарыгердин айлыгы менен салыштыра баштагандар четтен чыгат. 

Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги анча-мынча этикетке көз жуумп, күн сайын адамдардын өмүрүнө аралжы болгон, балдарды окутуп, киши дарылагандардын айлык акысына кызыгып көрдү.

"Рахмат" үчүн сакталган өмүрлөр

Куткаруучулар менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери айына орточо эсеп менен 12-15 миң сом алышат. Өлүм оозунан алып калган эрдиги үчүн грамота менен сыйлап, сүрөттөрү ардак тактага илинет.

Дарыгерлерге даба болчу акча

Тигүүчү жана улуттук желек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте тигүүчүлүк кесипке суроо-талап күч
Дарыгердин орточо айлык акысы болжол менен 10 миң сомду түзүп, ай сайын 300 сомдон 2500 сомго чейин кошумча төлөм чегерилет. Мындан тышкары, айлык акынын 10 пайызы компенсация катары төлөнүп, натыйжада бир айда маянанын көлөмү 12 миң сомго чыгып кетет.

Борбор калаадагы Тез жардам кызматына Бишкектин мэриясы ай сайын 2500 сом бөлөт. Компенсация 500 сомдон 2000 сомго чейинки чекте каралган. Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата 500 сом берилет. Жалпы жонунан Тез жардам дарыгерлери айына бардык төлөмдөрдү кошкондо 8-10 миң сомдун тегерегинде болот.

Мугалимдерге "стимул"

Кыргызстанда мугалимдин орточо айлыгы болжол менен 8000 сомду түзөт. Мындан тышкары, ай сайын айлыктын 10 пайызы стимулдаштыруу үчүн каралган, бирок бул каражат агай, эжейлерге бир кварталда бир берилет.

ИИМдин жаңы башкармалыгынын кызматкерлери

Атамбаев опера жана балет театрынын эмгек жамаатынын айлыгын көбөйтүүнү тапшырды
Кайгуул милициясынын кызматкери үчүн эң жогорку сыйлык — бул ардак тактага илинүү. Кызматкердин орточо айлыгы 8-10 миң сомду түзөт. Милиция күнүнө карата жыл соңунда бир айлыктын көлөмүндөгү акча берилет. Сыйлоо иретинде мыкты инспекторлорго грамота тапшырылып, сүрөтү Ардак тактага илинет.

Карыяларга камкордук

Социалдык кызматкерлер (буга унутта калган карыяларга кам көргөндөр кирет) айына 7-8 миң сомдук айлык алат. Сый акы Социалдык кызматкердин күнүнө карата бир жылда бир берилип, ал маянанын 30 пайызын түзөт. 

Чек арачылар

Катардагы чек арачы айына 14-16-миң сом айлык алат. Он үчүнчү маяна булар үчүн каралган эмес. Сый акы берилбейт, Чек арачылардын күнүндө аз-маз акча каралып, мыкты кызматы үчүн сыйлык жана медалдар тапшырылат.

Айлык акы тууралуу маалыматтар министрлик жана ведомстволордун маалымат кызматтарынан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0