05:45 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Президент Алмазбек Атамбаев. Архивное фото

Атамбаев КР элинин Ассамблеясы ынтымакка оң таасирин тийгизип жатканын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
33 0 0

Өлкө башчы Ассамблея өлкөдө жашаган этностордун маданиятын сактоодо жана өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстан элинин ассамблеясынын VIII курултайы өтүп, президент Алмазбек Атамбаев анын делегаттарына куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы 1994-жылы Кыргызстан элинин ассамблеясы түзүлгөн учурдан тартып КР элинин жарандык биригүү процессине оң таасирин тийгизип келе жатканын токтолду.

"2010-жылы болгон кайгылуу июнь окуялары этностук чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин кайрадан карап чыгуу зарылдыгын жаратты. Андан дагы, саясий өзгөрүүлөр, эң оболу – конституциялык реформа, андан соң – Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын бекитилиши Ассамблеянын укуктук статусунун өзгөрүшүнө алып келди", — деп айтылат куттуктоодо.

Атамбаев Ассамблея өлкөдө жашаган этностордун маданиятын сактоодо жана өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. 

"Кыргыз жараны" деген жаңы жарандык бирдейликти калыптандырууга көмөктөшүү Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ишинин негизги идеясы жана маңызы болуп калууга тийиш", — деди президент.

Өлкө башчы Кыргызстан элинин Ассамблеясынын VIII курултайынын бардык катышуучуларына тынчтык жана иштеринде ийгиликтерди каалады.

Тема боюнча

Атамбаев: Бишкек Борбор Азиядагы эң жашыл шаар деген атак-даңкын кайтара алат
Бишкекте Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун башкы ассамблеясы өтөт
Белгилер:
ассамблея, куттуктоо, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ