"Балыкчы — Корумду" жолунун куруучуларынын айрымдары иш таштады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖол куруучулар. Архив
Жол куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куруучулар мындай кадамын бир айдан бери айлык ала электиги менен түшүндүрүштү.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Балыкчы — Корумду" жолунун куруучуларынын бир тобу иш таштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиев билдирди. 

Анын айтымында, жумушчулар мындай кадамга айлык берилбегендиктен улам барышкан.

"Жол куруучулар топ-топ болуп иштешет. Кытай компаниясы менен келишим түзүп келген жумушчулар иштеп жатышат. Жекелик түрдө келишим түзгөн кыргыз жумушчулары иш таштады. Өткөн аптада премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзү келип, курулуш менен таанышып кеткен. Анда айлык маселеси козголуп, жакынкы күндөрү чечилери айтылган. Мага жеткен маалыматтар боюнча жумушчуларга бир айдан бери айлык бериле элек", — дейт аким.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушуна каражат издеп жатат
Ал жумуш таштоо жазгы талаа иштерине да байланыштуу болуп жатканын кошумчалады. 

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө чейин "Балыкчы — Корумду" жолу боюнча тендер чыры басылбай келет. Анын айынан мурунку өкмөт башчы Темир Сариев, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев жана анын орун басары Улан Уезбаев кызматтан бошогон. 

Тендер боюнча ишти укук коргоо органдары иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0