Бишкекте төрт унаа кагышып, ири тыгынга алып келди

Жазылуу
Төрт унаа катышкан кырсык саат 16:00дө болгон. Жабырлануучулар катталган жок.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Төрт унаа катышкан жол кырсыгы Абдрахманов көчөсүндөгү жол тыгынга алып келди. Тыгын Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин узарып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул милициясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 16:00дордо болгон. Жабырлануучулар катталган жок. 

"Кырсыкка кабылган унааларды жолдон алууга үлгүрдүк, бирок тыгын жоюла элек",— дейт маалымат кызмат. 

Мындан сырткары, Кайгуул милициясы Ахунбаев — Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак убактылуу иштебей жатканын, жол тыгындын жаралышына ушул да таасир бергенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0