Согуш ардагерлерин шаардык дарыгерлер медициналык кароодон өткөрүп жатышат

Жазылуу
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 821 катышуучусу жана тылда эмгектенген 3974 адам жашайт.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкектин саламаттык сактоо мекемелери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, майыптарына жана тыл жумушчуларына медициналык жардам көрсөтүп жатканын шаар мэриясы билдирди.

Аэрофлот аивакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФ авиакомпаниясы согуш ардагерлери үчүн акысыз каттам уюштурат
Маалыматка ылайык, жал башынан бери жалпы жонунан 336 адам Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун кароосунан өттү. 

Баса албаган карыларга дарыгерлер үйлөрүнөн жардам көрсөтүштү. Мында медицина кызматкерлери ардагерлерди УЗИ аппаратынан, рентген, флюорография, ЭКГдан өткөрүштү. Натыйжада 79 адамга акысыз реабилитациялык жардам көрсөтүлүп, 26 киши ооруканага жаткырылды. Дагы үч ардагер курорттук дарылануудан өттү.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 821 катышуучусу жана тылда эмгектенген 3974 адам жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0