ӨКМ: Сузакта жер көчкү басып калган үй ээлерине компенсация берилбейт

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖер көчкү. Архив
Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин маалыматында 27-апрелде жер алдында калган үйлөрдүн кожоюндарына 1994-98-жылдары турак жай куруу үчүн мамлекеттен ссуда жана жер тилкелери берилген.

БИШКЕК, 29-апр.— Sputnik. Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жер көчкү басып калган жети үйдү калыбына келтирүүгө компенсация төлөнбөйт деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине. 

27-апрелде Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Алмалуу-Булак айылында 1 миллион 600 миң куб метр жер көчкү жүрүп, жети турак жайды жана 14 жашар баланы басып калган.

"1994-1998-жылдар аралыгында ал үйлөрдүн ээлери мамлекеттен ссуда жана жер тилкелерин алгандыктан, бүгүнкү күнү мамлекет тарабынан эч кандай жардам каралбайт. Тактай келгенде алар жаңы жайга отурукташкан жана бул жакта да жашап келишкен", — деди Боронов. 

Жер көчкүдөн аман калган Мирбек, көз көрүнө көмүлгөн Эрлан. Окуянын чоо-жайы
Министрдин айтымында, мыйзам боюнча жергиликтүү бийлик ал жарандарга участок берип, отурукташтыргандан кийин бош калган там менен чарбаларды бузуп жок кылышы керек болчу.

ӨКМдин маалыматына таянсак, 27-апрелде жер алдында калган үйлөрдүн кожоюндарына 1994-98-жылдары турак жай куруу үчүн мамлекеттен ссуда жана Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Таштак айылынан жер тилкелери берилген. 

Боронов мындай жагдайда там-ташка зыян келсе, тагыраагы, башка жактан жер алып, бирок, дагы деле жашап тургандар үчүн чыгым деп эсептелбестигин билдирди. 

"Мындай учур жаратылыш кырсыгы келтирген чыгым катары катталат, бирок ал мурдагы кожоюндарга келтирген материалдык зыян деп эсептелбейт",— деди министр.

Жер көчкүгө Эрланды алдырып жиберген айылдаштардын эскерүүсү
Президент Атамбаев бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алып жатканда аталган маселе да талкууланды. Анда мамлекет башчысы министрлик кооптуу жайлардан көчүп кетүүсү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүсү зарылдыгын белгиледи.

Учурда ӨКМ республиканын аймактарындагы жер көчкү жүрүүсү мүмкүн делген жерде жашап жаткан 4016 үй-бүлөнү аныктаган. Алардын ичинен 1064 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлүп, чыгарылган. 

Мекеменин маалыматында, 2952 үй бүлө бүгүнкү күндө адистердин атайын эскертмелерине көңүл бурбай, кооптуу аймактарда өз өмүрлөрүн тобокелге салып, жашап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0