БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик аймагындагы мамлекеттик чек арада жайгашкан "Бордөбө " өткөрмө пунктуна жакын жерден Польшанын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, польшалыктар өткөрмө пунктунан 300 метр алыстыкта туруп объектилерди сүрөткө жана видеого тартып жүрүшкөн. Алардын бирөөсүнүн документи жок болуп чыккан.
Учурда кармалгандар УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп, иликтөө иштери уланып жатат.