Атамбаев: Бишкек Борбор Азиядагы эң жашыл шаар деген атак-даңкын кайтара алат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-апрель — Бишкек шаарынын негизделген күнү. Быйыл ага 138 жыл толду.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев шаардыктарды жана конокторду Бишкек шаарынын негизделген күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы куттуктоосунда ар бир шаардын тагдырын, калыптануу жолун тарыхый кырдаал, эң башкысы адамдар аныктай турганын белгилеген. Ошондой эле акыркы жылдары Бишкек өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары өз өнүгүүсүндө маанилүү баскычты басып өтүп жатканы айтылат.

"Бишкек Борбор Азиядагы эң жашыл борбор шаар деген бир кездеги атак-даңкын кайтара алат. Биргелешкен аракет менен Бишкекти күнөс шаарга, бактуу калаага, жашоого жайлуу, балдардын күлкүсү жаңырган бейпил үйгө айландыра аларыбызга ишенем", — деп жазылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Ошондой эле президент шаардыктарга жана конокторго бакыт-таалай, бекем ден соолук, жарык маанай, бакубатчылык жана ийгилик каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0