Маликов: жаштар интернеттен терс диний маалыматтар менен сугарылып жатат

Жазылуу
Конференциянын алкагында экстремизм менен терроризмдин алдын алуу жана ага карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каралды.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. ИИМ академиясында "Мамлекет жана дин: радикализмдин жана экстремизмдин көрүнүштөрүнө каршылык көрсөтүүдө өз ара аракеттешүү" аталышындагы илимий практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу маалымат муфтияттын расмий сайтына жарыяланды. 

Москва шаарындагы мечиттеги мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы мавлид кечесине муфтий Максат ажы, Чубак ажы, Абдышүкүр Нарматов катышат
Конференциянын алкагында экстремизм менен терроризмдин алдын алуу жана ага карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каралды. 

Серепчи Кадыр Маликов экстремизм — бул идеологиялык күрөш экендигин, жаштардын интернет тармактарынан ар кандай диний маалыматтар менен сугарылып жаткандыгын баса белгиледи. 

Ал эми Азирети муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов "Ислам дининде адам укугу" деген аталыштагы докладын окуду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0