Окумуштуулар ичкиликтен арылуунун жолун табышты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАрак. Архив
Арак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ачылыш келечекте ичкиликке берилгендер үчүн дары-дармек жасоого жол ачарын окумуштуулар белгилейт.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Америкалык нейрофизиологдор баш мээдеги ыракат алууга жана эмоцияга жооп берген борборунун ортосунан нейрондордун чубамасын табышты. Анын адаттан тыш активдүүлүгү адамды ичкиликке берилтет. Бул тууралуу маалымат Biological Psychiatry журналына чыкканын РИА Новости жазып чыкты.

"Акырындык менен ичкиликке берилүүнүн себептери аныктала баштады. Баш мээдеги ыракат алууга жана эмоцияга жооп берген борбордун ортосунан табылган нейрон чубамасы ичкиликке берилүүнүн сырын ачууга ачкыч болуп бере алат", — деп билдирет АКШлык окумуштуу Тодд Тиеле. 

Африкалык балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Африкада ымыркайлардын 1%ы ата-энесинин колунан ажал табат
Анын айтымында, ыракат алуу борбору бир нече катар нейрондордон турат. Алар стресстен улам бөлүнүп чыккан CRF аталышындагы нейрондорго таасир этет. Мындан улам Тиеле башында турган окумуштуулар тобу CRF нейронунун бөлүнүп чыгуусун токтотуп койсо эмне болорун текшерип көрүүнү чечишти. 

Изилдөө CRF-нейрондору ичкиликке берилүүгө чындап эле таасир этерин көрсөткөн. Тагыраагы, инъекциялоо жолу менен CRF нейронун токтотуп койсо, ичкиликке берилүү заматта токтоп калат. 

Окумуштуулар бул ачылыш келечекте ичкиликке берилгендер үчүн дары-дармек жасоого жол ача турганын белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0