Быйыл 9-майда аскердик парад пландаштырылган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы аскердик парад. Архив
Ала-Тоо аянтындагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирок майрамдык иш-чаралар облус жана райондун борборлорунда өтөт.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Быйыл 9-май Жеңиш күнүнө карата Кыргызстанда аскердик парад болбойт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн бекиткен планына ылайык, 9-майда облустун жана райондун борборлорунда Улуу Ата Мекендик согуштун 71-жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт.

Мэр Албек Ибраимов жана 1500 окуучу Бишкектин гимнин аткарышты
Борбор калаадагы Жеңиш аянтында согуш ардагерлеринин, тыл эмгекчилеринин жана Бишкек гарнизонунун аскерлери менен калаа тургундарынын катышуусунда салтанат белгиленет. Ал концерт менен коштолот.

Иш-чаранын аягында салтка айланган аскер боткосу берилет. Андан сырткары, Бишкек мэриясы жана шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте "Өлбөс полк" жүрүшү болот. Ал саат 11:00дө эски аянтта башталат.

Майрамдык иш-чарага катыша албаган ардагерлерди мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери үйүнө барып куттукташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0