Садык Шер-Нияздын кер какшыгы: баарыбыз Facebook менен эле иштебейлиби

Жазылуу
Учурда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт курамы депутаттарга отчет берүүдө.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Парламент мындан ары Facebook социалдык тармагына эле өтүп алуусу керек. Депутат Садык Шер-Нияздын бул какшык көзү кесиптештерине арналды. 

Депутат парламент "жакшы иштеп жатат" деп баса белгиледи.

"Үч күндө өкмөт шайладык, бир күндө отчет алдык. Жакшы кетип бара жатабыз. Айрым депутаттарды түшүнбөйм, өкмөт бир жылдык отчетун алып келсе, чарчап калдык дешет. Анда баарыбыз Facebook менен эле иштебейлиби. Уялбайсыңарбы? Эл ансыз деле бизди чөнтөк парламент болуп калды деп жатат", — деди эл өкүлү. 

Эскерте кетсек, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт курамы учурда депутаттарга отчет берүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0