Беделди багынтам деген Жаналиев Сөөк ашуусундагы Карагай суусун чечинип кечип өттү

© Азамат Жаналиев"Улуу Кыргыз изи" долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Жаналиев. Архив
Улуу Кыргыз изи долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Жаналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Улуу Кыргыз изи" долбоорунун негиздөөчүсү Азамат Жаналиев Үркүндүн 100 жылдыгына карата "Ата-бабалардын изи менен" чакырыгы алдында Ысык-Көлдүн Барскоон аймагынан Бедел ашуусуна чейинки аралыкты жөө басып өтөт.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Учурда аталган жөө жүрүш боюнча трейлер тартылып жатканын Азамат Жаналиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Үркүн окуясынын 100 жылдыгына карата "Улуу Кыргыз изи" долбоорунун негиздөөчүсү Жаналиев 14 күн бою ата-бабалардын бир кылым мурда басып өткөн жолун кайталай турганын буга чейин билдирген болчу. Ал ошондой эле эки жумалык жөө сапарын видеого тартып, экшн-тасма катары көрүүчүлөргө сунуштарын айткан.

"Азыр Сөөк ашуусуна чейин барып экшн-тасманын трейлерин тартып келдик. Тасмада ата-бабалардын басып өткөн жолун сүрөттөлө тургандыктан мен Карагай суусун чечинип алып кечип өттүм. Ошондой эле жаа тартып аңчылык кылганга да аракеттер көрүлдү", — дейт Жаналиев.

Ал ошондой эле учурда демөөрчүлөрдү издөө уланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0