Бишкекте студенттер арасында медиа-фестиваль өтүүдө

© Sputnik / Михаил РогожинЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети. Архив
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Медиа Көпөлөк-2016" студенттер аралык медиа-фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталат.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин башкы имаратында "Медиа Көпөлөк-2016" фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт.

Бывший директор ОТРК Султан Жумагулов - Sputnik Кыргызстан
Жумагулов: китепте аналитикадан тартып жок жерден жаңылык жасоо ыкмалары жазылган
Иш-чаранын жүрүшүндө маалыматтык пиар компания, экономикалык журналистика, спорт журналисткасы, кыска метраждуу кино, документалдык жана теледокументалдык кино, фотография, радиожурналистикалык иликтөө, атайын репортаж жана сценарий жазуу категориялары боюнча жеңүүчүлөр менен атайын наамдардын ээлери аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.

Студенттердин эмгектерин Кыргызстандын көрүнүктүү ЖМК өкүлдөрү баалайт.

Быйыл фестиваль төртүнчү жолу уюштурулуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0