КР жараны Москвада өткөн жаш модельерлердин конкурсунда баш байгени алды

© Дмитрий БабушкинКыргызстандык Аида Робертова Надежда Ламанова атындагы жаш профессионал модельерлердин сынагында
Кыргызстандык Аида Робертова Надежда Ламанова атындагы жаш профессионал модельерлердин сынагында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке белгилүү модельер Вячеслав Зайцев төрагалык кылган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандык Аида Робертова Надежда Ламанова атындагы жаш профессионал модельерлердин сынагында баш байгени алды. Бул тууралуу Mercedes-Benz Fashion Week Russia конкурсунун расмий сайтында маалымдалат.

Курманжандатка тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тасмалары Индиядагы эл аралык фестивалдан олжолуу кайтты
Мелдештин финалы 25-апрелде Slava Zaitsev Мода үйүндө өттү.

Конкурстун баш байгеси кыргызстандык Аида Робертовага тийди. Эми ал Mercedes-Benz Fashion Week Russia иш-чарасына бекер катышуу укугуна ээ болду.

Үчүнчү орунду Анна Рачкова менен Алена Шичкина бөлүшсө, экинчи орунду Ника Шабашова менен Юлия Майер ээледи. Биринчи орунга Галина Дрозд жана Галина Бирюковалар татыды.

Быйылкы конкурстун калыстар тобуна Вячеслав Зайцев, дизайнерлер Егор Зайцев, Елена Макашова, Сергей Ефремов, Татьяна Семендяева, журналисттер Елена Вышинская менен Наталья Козлова жана башкалар кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0