Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жаран бир аптадан бери табыла элек

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКанал. Архивное фото
Канал. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан издөө иштери улантылууда.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бир жума мурун Аламүдүн районунда Чоң-Чүй каналына чөгүп кеткен жаран табыла электигин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү саат 21:00дө Ысык-Ата районунун 58 жаштагы тургуну Орунбек Жээнбеков Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан издөө иштери жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0