Тамчыдагы аэропорт июндун ортосуна чейин оңдолуп бүтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусунун Тамчы айылындагы эл аралык "Ысык-Көл" аэропорту. Архив
Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы эл аралык Ысык-Көл аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Ысык-Көл облусунда жүрөт.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы эл аралык "Ысык-Көл" аэропортун реконструкциялоо иштери июнь айынын ортосуна чейин аяктайт. Бул тууралуу Эл аралык "Манас" аэропортунун инвестициялык жана инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов премьер-министр Сооронбай Жээнбековго маалымат берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, учурда өкмөт башчы аталган облуста иш сапары менен жүрөт.

Бусурманкуловдун айтымында, аэропорттун реконструкциясы төрт багытта жүрүүдө. 

"Мында белги берүүчү, учактарды кондуруу системалары орнотулуп жатат. Мындан тышкары, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана учуу тилкесин узартуу иштери жүрүүдө. Учурда тилке 3800 метрге чейин узартылды", — деди ал. 

Жетекчи реконстркуциядан кийин аталган аэропорт жылдын бардык мезгилинде иштеп, 24 саат бою учактарды кабыл алууга даяр болорун белгиледи. Анын айтымында, учурда Россия менен Казакстандын авиакомпанияларынан түз каттамдарды ачуу боюнча сунуштар түшүп жатат.

"Туристтик сезондун алдында Алматы — Тамчы, Астана — Тамчы жана Шымкент — Тамчы багыттары боюнча каттамдар ачылат. Мындан тышкары, Ош — Тамчы багыты боюнча каттам жанданат", — деди Бусурманкулов. 

Өз кезегинде Жээнбеков бардык белгиленген иштер өз маалында жана сапаттуу бүтүрүлүшү зарыл экенине токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0