Жемкорлуктун алдын алууда коомчулуктун пикири эске алынат

Жазылуу
Коргоо кеңештин катчылыгы жемкорлук менен күрөшүүдө мамлекеттик органдар менен коомдун тыгыз байланышын камсыз кылуу ыкмалары киргизилип жатканын билдирди.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жемкорлуктун алдын алууда коомчулуктун пикири эске алынып, аны ишке ашыруу үчүн жаңы чаралар көрүлүп жатканын Коргоо кеңешинин катчылыгы билдирди.

Болуп өткөн атайын жыйында Коргоо кеңештин өкүлдөрү жемкорлуктун алдын алуудагы жетишкендик — бул коомдук пикир экенин баса белгилешти.

"Учурда жемкорлук менен күрөшүүдө мамлекеттик органдар менен коомдун тыгыз байланышын камсыз кылуу ыкмалары киргизилүүдө. Коррупцияны аныктоо боюнча эксперттик топторго жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат. Андан сырткары, коррупцияга каршы иш чараларды иштеп чыгууда бизнес коомчулугу да жардам берүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле коомчулук гана коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттерге объективдүү баа берип, анын натыйжалуу болуусуна өбөлгө болору айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0