Өкмөт башчы: сугат суу менен камсыздоону көзөмөлгө алуу зарыл

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, мекеме тарабынан өлкөнүн суу ресурстарын жана сугат суусун натыйжалуу пайдалануу максатында бир катар чаралар иштелип чыккан.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Айыл чарба жана мелиорация министрлигине ирригация тармагындагы маселелерди чечүүнү тездетүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ал өкмөттүн жыйынында айтты.

Анда 2016-жылдагы сугат мезгилине карата ирригация тармагынын даярдыгы тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев маалымат берди.

Министрлик: жыл ичинде ар бир айыл өкмөттө экиден күнөскана курулат
Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан өлкөнүн суу ресурстарын жана сугат суусун натыйжалуу пайдалануу максатында бир катар чаралар иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө ирригациялык иштерди даярдоого бюджеттен бөлүнгөн 115, 1 миллион сомдун 110,6 миллиону жумшалган.

Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ирригация тармагындагы маселелерди чечүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, өкмөт башчы айыл чарба жана мелиорация министрлигине жазгы-талаа иштерине даярдыктын сапаттуу аткарылышын жана жыйынтыкталышын текшерүү боюнча комиссия түзүү зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0