Күйөрмандар "Спартак" клубунун футболчуларына ак калпак кийгизишти

© Александр Ступников, "ФК Спартак-Москва"Калпак кийген спартак кулбунун үч оюнчулары — Сальваторе Бокетти,Ивелин Попов жана Квинси Промес
Калпак кийген спартак кулбунун үч оюнчулары — Сальваторе Бокетти,Ивелин Попов жана Квинси Промес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калпакты кийген футболчулардын маңдайында "Кыргызстан" деген жазуу жаркырап калды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Футбол күйөрмандары Москванын "Спартак" клубунун оюнчуларына ак калпак кийгизишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган клубдун коомчулук менен байланышуу департаменти билдирет. 

Краснодарда таразага түшүү аземинде Рой Жонс (кичүүсү). Архив - Sputnik Кыргызстан
Юрий Гагаринден Рой Жонско чейин. Ак калпак мырзаны көркүнө чыгарат
"Арена" стадионунун ачылыш аземинде үч оюнчу — италиялык Сальваторе Бокетти, болгариялык Ивелин Попов жана голландиялык Квинси Промес күйөрмандары менен жолугуп, кол тамгаларын калтырышты. 

Москвалык клубдун өкүлчүлүгү футболисттерге калпакты күйөрмандар белек кылганын ырасташты. 

Ак калпак кийген футболчулардын маңдайында "Кыргызстан" деген жазуу жаркырап чыга келди. 

"Спартак" — Россиянын футбол клубу. Ал 12 ирет СССРдин чемпиону, тогуз ирет Россиянын мыкты командасы аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0