Жээнбеков Токой чарба жетекчисине: маскарапоз болуунун кереги жок

Жазылуу
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жыйынында докладды көп окугандыгы үчүн Сабир Атажановду кагып салды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажановду сынга алды. 

Регламентке ылайык, ар бир докладчыга 15 мүнөт бөлүнгөн. Ал эми Сабир Атажанов аталган тартипти сактабай койгон. 

"Эмнеге кечке дейре окуп жатасыз? Даярданып келүү керек болчу. Эгерде регламентти сактабасак, анда мындай регламенттин кереги эмне?" — деди Жээнбеков. 

Атажанов ага 10 мүнөт керектигин, эгер каршы болсо кыскартууга даяр экенин билдирди. 

"Маскарапоз болуунун кереги жок. Бул жерде Кыргызстандын өкмөтүнүн жыйыны өтүп жатат", — деди премьер-министр. 

Мындан соң Атажанов докладын бүтүрүүгө аргасыз болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0