Окуучулар көчмөн элдин турмушуна арналган дил баян жазып күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин мектеп окуучулары. Архив
Бишкектин мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өлкө боюнча окуучулар арасында дил баян сынагы жарыяланды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Мектеп окуучулары арасында Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында дил баян сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Пан Ги Мунду Көчмөндөр оюнуна чакырды
"Көчмөн элдердин маданий мурасы" деген темадагы сынак 25-апрелден 15-июнга чейин өтөт. 

Сынакка республикадагы бардык мектептердин 6-10-класстарынын окуучулары катыша алат. 

Иш-чаранын максаты окуучуларды көчмөн элдердин материалдык жана рухий маданияты менен тааныштыруу жана көңүлүн туулган жердин тарыхына, үрп-адаттарына, маданий эстеликтерди окуп-үйрөнүүгө жана сактоого буруу, адептүүлүккө тарбиялоо болуп саналат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0