Ошто "Жер-Үй" кенинен түшкөн каражатка 29 мектеп курулат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМектеп классында ремонт иштери. Архив
Мектеп классында ремонт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас облусундагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү укугуна Россиялык "Восток-Геолдобыча" ишканасы ээ болгон. Аталган компания алтын кенин иштетүү үчүн мамлекетке 100 миллион доллар төлөйт.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Жер-Үй" кенин иштетүүгө укук берүүдөн түшкөн каражаттын бир бөлүгүнө Ош облусу боюнча 29 мектеп курулат. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Талас облусундагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү укугуна Россиялык "Восток-Геолдобыча" ишканасы ээ болгон. Аталган компания алтын кенин иштетүү үчүн мамлекетке 100 миллион доллар төлөйт. Бул каражатка өлкө боюнча 100 мектеп куруу жана 100 билим берүү мекемелерин толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүү каралган. 

"Бул жылы "Жер-Үй" кенинен түшкөн каражаттан Ош облусуна 734,2 миллион сом бөлүнгөн. Ал акчага 29 мектеп куруу пландалууда", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, Ошто казакстандык "Самрук-Казына" фонду тарабынан каржыланган мектеп салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0