Белгилүү кыргызстандыктардын жашоосун өзгөрткөн китептер

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКитепкана. Архив
Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Светлана Федотова коомго төбөсү көрүнүп калган кыргызстандыктардын эмне деген китептерди окуп жатканына кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. ЮНЕСКО тарабынан 23-апрель Китептин бүткүл дүйнөлүк жана автордук укук күнү катары жарыяланган. Бул дата капысынан эле тандап алынган эмес. Дал ушул күнү 1616-жылы Уильям Шекспир, Мигель Де Сервантес, Инка Гарсиласо де ла Вега каза болгон.

Азыр китепти окуу эмес, аны колго кармап сүрөткө түшүп инстаграмга салуу кеңири тарады. Китептин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги коомго белгилүү болуп калган кыргызстандыктар кайсы китептерди окуп жатканына кызыгып көрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСадык Шер-Нияз, режиссер
Депутат Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Садык Шер-Нияз, режиссер

Садык Шер-Нияз, режиссер

Абдан таасир берген китеп: Мага Марк Твен, Александр Дюманын чыгармалары аябагандай таасир берген. Ошолордун таасиринен улам азыркыдай деңгээлге келдим.

Жамбаштап жатып окуганга: Негизинен мен өзүбүздүн жазуучулар Касымалы Баялинов, Чыңгыз Айтматов, Рахим Каримовдун китептерин окуйм. Азыр Төлөгөн Касымбековдун "Келкел" романын окуп жатам. Башкаларга да окугула деп кеңеш берет элем. 

© Фото / Расул РыскуловМарат Бадретдинов, юморист
Юморист Марат Бадретдинов - Sputnik Кыргызстан
Марат Бадретдинов, юморист

Марат Бадретдинов, юморист

Абдан таасир берген китеп: "Азбука"… Тамгаларды тааныгандан кийин эле токтоно албай калдым.

Жамбаштап жатып окуганга: Азыр Харпер Линин "Чымчыкты өлтүрүш керек" ("Убить пересмешника") деген китебин окуп жатам. 

© Тимур КарповЭльер Нематов, фотограф
Фотограф Эльер Нематов - Sputnik Кыргызстан
Эльер Нематов, фотограф

Эльер Нематов, фотограф

Абдан таасир берген китеп: Жон Эсслемонттун турмуш тууралуу " Бахаулла жана Жаңы Эра " ("Бахаулла и Новая Эра") деген китеби чындап эле менин жашоомо чоң таасир берди.

Жамбаштап жатып окуганга: Людмила Улицкаянын "Даниэль Штайн, котормочу" ("Даниэль Штайн, переводчик") китебин жолдо баратканда окуйм. Үйдөн Рэй Брэдберини окуганды жактырам. 

© Ольга КапустинаЮрий Копытин, журналист
Журналист Юрий Копытин - Sputnik Кыргызстан
Юрий Копытин, журналист

Юрий Копытин, журналист

Абдан таасир берген китеп: Мага Эрих Мария Ремарктын "Батыш фронтто өзгөрүү жок" ("На западном фронте без перемен") деген романы аябай таасир берген десем жаңылышпайм. Бул согуш маалындагы кишилердин турмушун баяндап берет деп Ремарк өзү жазат. Ошондой эле Варлам Шаламовдун "Воскрешение лиственницы" деген аңгемелер жыйнагы жагат. Ал жакта ГУЛАГ тууралуу баяндалат.

Жамбаштап жатып окуганга: Азыр Стивен Кингдин чыгармалар жыйнагын кайтадан окуп жатам. 

© Ренат ТоромамбетовСергей Келлер, художник
Художник Сергей Келлер - Sputnik Кыргызстан
Сергей Келлер, художник

Сергей Келлер, сүрөтчү

Абдан таасир берген китеп: Албетте Эрих Мария Ремарктын "Үч дос" ("Три товарища") китеби. Ал жакта катардагы эле нерселерди сүрөттөп берип жаткандай таасир калтырат, бирок ошолорду ийне-жибине жеткидей кылып жазган. Чыгармадагы каармандар жана окуялар абдан жандуу баяндалат. Бардык эркектер өзүнүн Патын тапкысы келет болуш керек.

Жамбаштап жатып окуганга: Азыр Буковскийди окуп жатам. Эмнеге экенин өзүм деле билбейм. Мындай карасаң анча деле эмес, бирок өзүнө тартып турат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКсения Стрельцова, ырчы
Интервью с солисткой группы Ginger Ксенией Стрельцовой - Sputnik Кыргызстан
Ксения Стрельцова, ырчы

Ксения Стрельцова, ырчы

Абдан таасир берген китеп: Жактырып, сүйүп окуган китебим Экзюперинин "Маленький принц" чыгармасы. Эгер кимдир бирөө китеп окуганга кызыкпай, ошентсе да жок дегенди бир китеп окуйт элем десе мен ага дал ушул чыгарманы сунуштайт элем. Ал жакта балдардын бардык суроолоруна жооптор бар.

Мечитте баян окуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 9 миң адам катышкан "Ислам — тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу сынагы өттү
Орус тили боюнча олимпиадада мен андан үзүндү да окугам.

Азыр мурдагыдай көп китеп окубай калдым. Ошентсе да анда-санда балдарга арналган аңгеме, жомоктордун жыйнагын окуп турам. Брэдберинин айрым чыгармаларын жакшы көрөм.

Жамбаштап жатып окуганга: Азыр Говард Бехардын Starbucks тууралуу жазган "Иштин бары кофеде эмес" ("Дело не в кофе") деген китебин окуп жатам. Чынында мен ишкердикке деле кызыкпайм, кофени деле сүйүп ичпейм. Бул чыгарма көңүлдү көтөрөт. Аны окугандан кийин баары колумам келет деп каласың. Кыскасын айтканда мага жакты. 

© Виктория ШафееваPR-менеджер Наталья Угрюмова
PR-менеджер Наталья Угрюмова - Sputnik Кыргызстан
PR-менеджер Наталья Угрюмова

PR-менеджер Наталья Угрюмова

Абдан таасир берген китеп: Уильям Голдингдин "Чымындардын падышасы"

Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романы тууралуу жети факты
("Повелитель мух") романы аябай таасир калтырды. Аны жаш кезимде окугам, аны окуп жатканда кандай сезимдер келгени азыркыдай көз алдымда. Ошондой эле, "Властелин Колец" романын да жактырам. Аны түнү бою уктабай окуган күндөрүм болгон.

Жамбаштап жатып окуганга: Азыр Стивен Фрайдын "Асмандагы теннис топтору" ("Теннисные мячики небес") романын окуп жатам. Китептин аталышы таң каларлык болгону менен окуялардын өнүгүшү абдан кызыктуу. Анын тамашалары абдан сонун. Китепти окуганда автор менен сүйлөшүп жаткандай болосуң.

Жаңылыктар түрмөгү
0