Япониядагы жер титирөөгө кабылган мекендешибиз профессор Жазгүлдүн каты

© AFP / KAZUHIRO NOGIЯпониянын Кумамото шаарында жер титирегенден кийинки абал. Архив
Япониянын Кумамото шаарында жер титирегенден кийинки абал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрель айынын ортосунда Япониянын Кумамото шаарында жер катуу титиреген. Аталган аймактан Кыргызстандын төрт жаран эвакуацияланган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Учурда Япониянын Кумамото университетинин ассистент-профессору Жазгүл Келгенбаева Күн Чыгыш өлкөсүндө болгон жер титирөөнү кантип башынан өткөргөнүн айтып берди.

Белгилей кетсек, апрель айынын ортосунда Япониянын Кумамото шаарында жер катуу титиреген. Анын кесепетинен бир канча киши каза болуп, жүздөгөн адам жаракат алган болчу. Аталган аймактан Кыргызстандын төрт жараны эвакуацияланган

Келгенбаева өз катында жер титирөө кандай болгонун, аны кантип башынан өткөргөнүн сүрөттөгөн. 

© REUTERS / KYODOКумамото префектурасынын бир нече каттуу жер титирөөлөрдүн кесепети.
Последствия землетрясения в префектуре Кумамото, Япония - Sputnik Кыргызстан
Кумамото префектурасынын бир нече каттуу жер титирөөлөрдүн кесепети.

…Кыйынчылыкта кылынган аракет, кичинекей болобу, чоң болобу адамга чоң таасир берет. Ал тургай жылуу мамиле, жакшы сөз дем күч берип, сени ошол кырдаалдан сууруп алгандай эле болот экен. 

Көпчүлүккө маалым болгондой Япониядагы жер титирөө мен жашаган шаарда болуп, мен үчүн күтүүсүз, чоң "жаңылык" болду. Алгач жер титирөө болгондо мээме келген жалгыз нерсе "ушул жакта жашоом бүтөт экен да" деген ой болду. Ал күн, болгон көрүнүштөр, кыймылдар, эмоциялар өзүнчө узак кеп…. 

© REUTERS / Kyodo Кумамото префектурасынын жашоочулары
Последствия серий землетрясений в префектуре Кумамото, Япония - Sputnik Кыргызстан
Кумамото префектурасынын жашоочулары

Мен мында бөлүшөйүн деген сөз башка. Жер титирөө 14-апрель күнү кечки саат 9:30да болду. Эртеси эртең менен жумушка жөнөп жатсам Кыргызстандын элчилигинен Элвира деген эже телефон чалып, акыбалымды сурады. Абал тынч эле көрүнгөндүктөн, "жабыркаган жокмун, жакшымын" деп жооп бердим. "Өзүңөрдү карагыла, бир нерсе болсо айткыла" деди. Макул деп, ыраазы боло университетке жөнөдүм. Жумушка келип бир аз отургандан кийин Кыргызстандан чалышты, алар менен бир аз сүйлөшкөндөн кийин "биздин акыбалды сурар киши бар экен, Кудайга шүгүр, жалгыз эмеспиз" деп өзүмчө чыйрала түштүм. 

Биз ойлогондой жер титирөө ошону менен токтоп калган жок, кийинки күнү-түнү кайра кайталанды. Бул жолу мурунку түндөгүдөн да катуураак болду. Мурдагы күнкү коркунучка кошул-ташыл болуп, бул жолку жер титирөө жүрөгүмдүн үшүн катуу алды. Титиребесе деле мага жер силкинип аткандай сезилип, же уктай албай, же бир орунга отура албай койдум. Айланамдагы айрым дос кыздарымды элчиликтеринен, уюмдардан (JICA) келип шаардан чыгарып кете башташты. 

Мен бул жактагы дагы бир кыргыз — Жыпаргүл эжеге байланышып, коркуп жатканымды айтсам, кел биздин үйдө чогуу бололу деди. Ошентип анын үйүнө бардым. Улам-улам жер силкинип, балдар ыйлап, үйдө суу да чыкпай, кыскасы, бир аз кыйынчылык туудурду. Башка жакка убактылуу чыга турсак жакшы болмок деп, экөөбүз элчиликке байланыштык. Дем алыш күн болгондуктан телефон алышпайт. Анан Япониядагы кыргыздардын Фейсбуктагы тайпасына билдирүү жөнөттүм. Мирбек деген байке элчиликтегилерге телефон чалып бизге байланышуусун сураныптыр. Ошентип Элвира эже кайра телефон чалып, биздин акыбалыбызды түшүнгөндөн кийин дароо эле билет алып, эртеси Жыпаргүл эже, эки баласы жана мен болуп Токиого учуп кеттик. Токиого жеткенде бизди Элвира эже, Суванбек байке экөө аэропорттон тосуп алышып, жолдо тамактандырып анан элчиликке алып келишти. Бизди жайгаштырышты. Абдан ыраазы болдук, Кыргызстанга баргандай эле боло түштүм, рахматымды айтып бүтө албайм. 

© REUTERS / KYODOКуткаруучулар жер титирөөнүн кесепетин жоюуда
Последствия землетрясений в Японии - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучулар жер титирөөнүн кесепетин жоюуда

Айрым чет өлкөлүк досторум чалып, акыбалымды сурашканда элчиликте экендигимди, кыргыздар бизге кам көрүп жатканын айтсам суктанып, "элчилигиңер абдан жакшы экен" деген сөздөрүн айтышты, айрымдар өз өлкөлөрүнүн элчиликтерине нааразычылыктарын билдиргенге да үлгүрүштү. 

Япондуктардын сабырдуулугу таң калтырды —жер титирөөгө күбө болгон кыргызстандык
Сөзүмдүн аягында айтайын дегеним — кыргызга кыргыз гана күйөт, чет элде, чет жерде бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, алдыга сүрөп, колубуздан келишинче жылуу сөз менен болсо да колдоп турсак ошол эле чоң дем, күч экен. 

Кайда жүрбөйлү Жаратканым колдоп, баарыбызга ынтымак, ишибизге береке берсин. Бүгүн буюрса кайрадан Кумамотого сапар алабыз, дагы бир жолу бардык мекендештерге, өзгөчө Япониядагы Кыргызстандын элчилигине терең ыраазычылык билдирем. 

Саламым менен, Жазгүл Келгенбаева, Кумамото Университетинин доктору

Жаңылыктар түрмөгү
0