БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө табигый газ берүү убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 25-апрель күнү саат 10:00дон 17:00го чейин Ош шаарынын Жийдалик, Ош жана Хожи көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат.
Ишкана мындай аракеттер газ куурундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин белгилейт.