Атамбаева: Мамлекеттин келечеги биздин балдарыбызга жараша болот

© Владимир ПархоменкоБиринчи айым Раиса Атамбаева IV Билим берүү фестивалынын ачылышында.
Биринчи айым Раиса Атамбаева IV Билим берүү фестивалынын ачылышында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында "Экология жана адамдын саламаттыгы" деп аталган билим берүүнүн IV фестивалы башталды.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Мамлекет менен улуттун келечеги биздин балдарыбыз кандай болуп чоңоёоруна жараша болот деди биринчи айым Раиса Атамбаева бүгүн Бишкекте башталган IV Билим берүү фестивалынын ачылышында сүйлөп жатып.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында "Экология жана адамдын саламаттыгы" деп аталган билим берүүнүн IV фестивалынын ачылышы болду. Аталган билим майрамын "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду уюштуруп жатат.

"Бул иш-чара чоңдорду жана балдарды экологиялык маселелерге көңүл буруп, айлана-чөйрөгө жана өз ден соолугубузга сарамжалдуулук менен мамиле кылууга чакырат. Мамлекет менен улуттун келечеги биздин балдарыбыз кандай болуп чоңоёоруна жараша болот. Ал эми бул жаатта аталган фондунун аткарып жаткан иштерин баса белгилеп кетүүгө арзыйт", — деди Атамбаева.

Ал эми иш-чаранын уюштуруучусу, Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева бул маанилүү фестиваль деген оюн айтты.

© Владимир ПархоменкоИса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында "Экология жана адамдын саламаттыгы" деп аталган билим берүүнүн IV фестивалынын ачылышы болду.
1/4
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында "Экология жана адамдын саламаттыгы" деп аталган билим берүүнүн IV фестивалынын ачылышы болду.
© Владимир ПархоменкоАталган билим майрамын "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду уюштуруп жатат.
2/4
Аталган билим майрамын "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду уюштуруп жатат.
© Фото / Владимир ПархоменкоФестивалдагы иш-чаралар кесипкөйлөрдүн форумдары балдар менен чоңдорго пайдалуу маалымат берип, агартуучулук максатты көздөйт.
Фестивалдагы иш-чаралар кесипкөйлөрдүн форумдары балдар менен чоңдорго пайдалуу маалымат берип, агартуучулук максатты көздөйт. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Фестивалдагы иш-чаралар кесипкөйлөрдүн форумдары балдар менен чоңдорго пайдалуу маалымат берип, агартуучулук максатты көздөйт.
© Владимир ПархоменкоШаардыктар жана шаар коноктору бүгүн балдары менен эс алуучу жайларга барып, ал жерлердеги уюштурулган иш-чараларга катышты.
4/4
Шаардыктар жана шаар коноктору бүгүн балдары менен эс алуучу жайларга барып, ал жерлердеги уюштурулган иш-чараларга катышты.
1/4
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында "Экология жана адамдын саламаттыгы" деп аталган билим берүүнүн IV фестивалынын ачылышы болду.
2/4
Аталган билим майрамын "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду уюштуруп жатат.
3/4
Фестивалдагы иш-чаралар кесипкөйлөрдүн форумдары балдар менен чоңдорго пайдалуу маалымат берип, агартуучулук максатты көздөйт.
4/4
Шаардыктар жана шаар коноктору бүгүн балдары менен эс алуучу жайларга барып, ал жерлердеги уюштурулган иш-чараларга катышты.

Фестивалдагы иш-чаралар кесипкөйлөрдүн форумдары балдар менен чоңдорго пайдалуу маалымат берип, агартуучулук максатты көздөйт.

Шаардыктар жана шаар коноктору бүгүн балдары менен эс алуучу жайларга барып, ал жерлердеги уюштурулган иш-чараларга катышты. 

Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эшиги каалоочуларга кенен ачылып, кичинекейлерди жана ата-энелерди бул окуу жайда уюштурулган окулисттин, стоматолог жана дерматологдун бурчтарын көрдү. Башка тармактагы дарыгерлер ден соолукту чың сактоо боюнча керектүү кеп-кеңештерин айтышты. 

Музыкалык жабдуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте музыкалык терапия боюнча семинар өтөт
Ал эми Пластинация жана Анатомия музейлери 16 жашка чейинкилерге эшигин ачып, келгендер ал жерден кызыктуу фактылар менен таанышты.

Эртең Кыргызстандын атактуу адамдары балдарга жомок окуп беришет, сейил бактарда сүрөт көргөзмөлөрү өтөт. Каалоочулар ал жерден 30га чукул мектептердин жана бала бакчалардын тарбиялануучуларынын жараткан эмгектери менен тааныша алат. 

Шаардагы спорттук клубдардын,борборлордун тарбиялануучулары спорттун ар кыл түрлөрү боюнча чеберчилигин ата-энелер менен бөбөктөргө тартуулайт. 

Андан сырткары, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында балдар үчүн сахналаштырган бир нече спектаклдин премьералары болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0