Депутат: Аскаров боюнча БУУнун бүтүмү — Кыргызстандын ички ишине кийлигишкендик

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин орун басары Абдывахап Нурбаев. Архив
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин орун басары Абдывахап Нурбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул Азимжан Аскаров маселеси дипломатиялык айдыңга өзүнүн көлөкөсүн түшүргөн биринчи учур эмес.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Азимжан Аскаров боюнча БУУ комитетинин бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгаруу талабы туура эмес жана бул мамлекеттин ички ишине кийлигишкендик болуп калат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин орун басары Абдывахап Нурбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине даттанып, алар акыркы бүтүмүн 31-мартта чыгарып, аны комитет өзүнүн сайтына 21 күндөн кийин жарыялаган. Анда комитет улут аралык араздашууга от чачкандыгы үчүн өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровдун күнөөсүн жокко чыгарып, токтоосуз бошотуу жана чыгымдарын толук төлөп берүүнү талап кылган бүтүмүн чыгарган. 

"Бул бүтүм туура эмес. Кыргызстандын өзүнүн көз карандысыз сот органы бар, биз ага баш ийишибиз керек. Мындай кадам Кыргызстандын ички ишине кийлигишкендик болуп калат деп ойлойм. Сотторго минтип басым жасаган туура эмес",— деди Нурбаев.

Аталган маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги БУУ комитетинен документ келип түшкөндөн кийин карап туруп, жооп айтарын аталган ведомстводон билдиришти.

Бул Аскаров маселеси дипломатиялык айдыңга өзүнүн көлөкөсүн түшүргөн биринчи учур эмес. Бир жыл мурда, 2015-жылдын жайында АКШнын мамдепартаменти Аскаровго адам укугу жаатында сыйлык ыйгарган.

Өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаров деген ким?
Буга расмий Бишкек токтоосуз түрдө жооп кылып, АКШнын Кыргызстандагы элчисин чакырып, Тышкы иштер министрлиги каршылык нота тапшырган.

Анын эртеси кыргыз өкмөтү  АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланыштуу Келишимин бир тараптуу жокко чыгарган.

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырган, массалык башаламандыктарды уюштурган, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топторго түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0