Ысык-Көлдө кыргыз чабанынын музейи ачылат

Жазылуу
Галереядан жергиликтүү калктын жашоосу тууралуу кызыктуу фактыларды кездештирип, кыргыз чабанынын турмушун "башка жагынан" көрүүгө болот.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда кыргыз чабанынын жашоосу тууралуу музей ачуу пландаштырылып жатканын Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция билдирди.

Музейге келгендер аймактын тарыхы менен таанышып, кыргыз элинин мал чарбачылыгы, чабандын жашоо-тиричилиги жана койлордун уникалдуу түрү боюнча арбын маалыматтарды ала алат.

Төбөсүнөн жаан өткөн Өзгөн мунарасы жардамга муктаж
Аталган галерея Жаркынбаев айылында 1960-жылдары курулган мал сарайдын базасында ачылат.

Идеянын демилгечилеринин пикиринде, кашар өзүнүн турган турпаты менен тарыхый объект болуп саналат. Музейдин жалпы аянты 220 чарчы метрди түзөт.

Учурда экспозиция үчүн материалдар чогултулуп, ага жергиликтүү эл активдүү катышып жатат. 

Дирекция аталган музей Ысык-Көл облусунун маданий жайларынын бирине айланышына ишеним артат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0