Баткендин айрым калктуу пункттарына айыл статусу берилди

Жазылуу
Бул мыйзам долбоор Баткен облусунун төрт калктуу пунктунун жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде иштелип чыккан.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун айрым калктуу пункттарына айыл статусун берүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам аталган аймактарды сактоо жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо, ички миграцияны азайтуу, республиканын мыйзамына ылайык административдик түзүлүшүн калыпка салууну максаттайт.

Бул мыйзам долбоор Баткен облусунун Зардалы, Бай-Карабак жана Дөбө калктуу пункттарынын жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде иштелип чыккан. 

Аталган мыйзам жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0