Жол инспекторлору дагы кайсы депутаттын "канын ичкен"?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы беш жылдын ичинде Жол кайгуул кызматынын инспекторлору жол эрежелерин бузган бир катар депутатты токтоткон. Бирок эл өкүлдөрүнүн айрымдары мындай аракетти жүрөгүнө өтө эле жакын кабыл алган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков бейшемби күнкү Жогорку Кеңештин отурумунда Кайгуул милициясынын кызматкерлери "канынын баарын ичип бүткөнүн" айтты.

"Кандын баарын ичип бүтүштү. Инспекторлор керек болсо депутаттын статусун да билишпейт. Унааны токтотуп, документтериңди алып кетет да, "каякка?" десең, артынан баруусун айтат. Айылдык кеңештин депутатыбы же Жогорку Кеңештикиби — алдында ким турганын да карашпайт", — деди эл өкүлү.

Момбеков министрге жөнөкөй кийим кийип түнкү Бишкекти кыдырып чыгуусун сунуштап, аталган кызматтын инспекторлору ачык эле акча талап кылып жатышканын белгиледи.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бешинчи жана алтынчы чакырылыштагы эл өкүлдөрүнүн кимиси жол эрежесин бузуп, инспекторлордун кылтагына илингенин иликтеп көрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК Анвар Артыков
Депутат ЖК Анвар Артыков  - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Анвар Артыков

Ишембилик учурундагы унаа токтотуу. КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыковдун марттын башында жол эрежесин бузган фактысы катталган. Маалымат каражаттары өлкө башчысы катышкан ишембилик маалында унаасын туура эмес жерге токтотуп койгон видеону жарыялашкан. Артыков каттоого алынган одоно аракетине макул эместигин билдирип, эшигин жаап, ордунан козголо баштаган. Кийинчерээк Жол кайгуул кызматы депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн 1000 сом өлчөмүндө айып пул салган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Узарбек Жылкыбаев
Депутат Узарбек Жылкыбаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Узарбек Жылкыбаев

Коопсуздук кур. Аталган фракциянын дагы бир депутаты Узарбек Жылкыбаев "Парламент такси" долбооруна катышып, шаардыктарды жеткирип баратып, алар менен бир катар көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүшү шарт эле. Бирок Жылкыбаев коопсуздук курун тагынбай койгон. Инспекторлордун кылтагына илинбей калгандыктан, айып пул чегерилген эмес. Ал эми депутат өзү бул эреже бузуусун унаалардагы курлардын бузулуусу менен түшүндүргөн. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Акылбек Султанов
Депутат Акылбек Султанов - Sputnik Кыргызстан
Депутат Акылбек Султанов

Шатырата сөккөн депутат. Алтынчы чакырылышка аз убакыт депутат боло калган Акылбек Султанов өткөн чакырылышта да эл өкүлү болуп келген. Былтыркы жылдын жай мезгилинде Youtube каналында Султанов менен Жол кайгуул кызматынын инспектору Өзгөндө чырдашып, экс-депутаттын сөгүнүп-сагынганы тартылып калган видео жайгаштырылган.

ИИМ аталган видео 2014-жылы тартылганын айтып, анда депутат унаасын караңгылатып алганы үчүн токтотулганын белгилеген. Каарданган депутат баарын тең сөгүп туруп кетип калган. Кийин бул маселе чечилгенин укук коргоо органдары билдиришкен. 

© пресс-служба ЖК КРНародный избранник от фракции "Ата-Журт" Кантемир Мурзабеков
Народный избранник от фракции Ата-Журт Кантемир Мурзабеков - Sputnik Кыргызстан
Народный избранник от фракции "Ата-Журт" Кантемир Мурзабеков

Башкы кайгуулчу менен эл өкүлү. "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кантемир Мурзабеков Ак үйдүн жанынан токтотулган. Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча депутаттын жанынан унаанын катталгандыгын тастыктоочу документ болгон эмес. Анда депутаттык кол тийбестигин жүйө келтирген эл өкүлү Жол кайгуул кызматтын ошол кездеги башчысы Талант Исаевдин өзүнө "каар төккөн".

Сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмамбет Шыкмаматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов Момбековдун сөзү тууралуу: депутат менен карапайым кишинин укугу бирдей
Мурзабеков милиционерлер видеону тартып алышып, атайы Интернетке жайгаштырып коюшканын айткан.

Жол эрежесин бузган айдоочуларын жазага тарткан депутаттар да кездешет. Алсак, Дастан Бекешев соцтармак аркылуу айдоочусу депутаттык унаа менен баратып, тротуарга токтогонун билип калган. Мындан улам ага сөгүш жарыялаган. Ал эми айдоочу 300 сом айып пул төлөгөн.

Соцтармакта KG сериясындагы мамлекеттик номерлүү унаалардын айдоочулары жол эрежесин бузган учурлар оголе арбын кездешет. Бирок алар жазага тартылып-тартылбаганы тууралуу эч кандай маалымат жок.

Быйыл март айынын ортосунда Мамлекеттик каттоо кызматы жолдогу теңчиликти камсыздоо үчүн мындай номерлердин баарын жок кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0