Гипермаркеттен табылган шектүү баштыктан тамак-аш менен кийим-кече чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүИИМ кызматкерлери. Архив
ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баштыктын ээси табылды. Ал көтөрүп жүргөн сумкасын кокусунан унутуп таштап кеткенин билдирди.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Шаардагы гипермаркеттин биринен табылган шектүү баштыктан тамак-аш менен балдардын кийим-кечеси чыкканын Бишкек ШИИБ билдирди.

Буга чейин Горький менен Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөн шектүү баштыктан улам курчоого алынган.

ШИИБ учурда аймактан көзөмөл толугу менен алынганын билдирди. Баштыктын ээси табылып, ал сумкасын кокусунан унутуп таштап кеткенин белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0