06:27 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6796
  • EUR103.3811
  • RUB1.1525
Коом
Кыскача шилтеме алуу
28121

Операция жасоо үчүн жети миллион рубль керектелген. Ал сумма кайрымдуулуктун арты менен чогултулган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Рак илдетинен жабыркаган 1,5 жашар Айдар Умаралиевге операция жасалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын агасы Тилек Умаралиев билдирди.

Мурдараак Айдарга операция жасоо үчүн жети миллион рубль керектелип жатканы айтылып, ага орус ырчысы Нюша 300 миң рубль кайрымдуулук иртениде жардам көрсөткөн болчу.

"Учурда Айдардын абалы жакшы. Доктурлар операциядан кийин алгачкы айларда ага кыйын болоорун айтып, жакшылап карагыла деп жатат", — дейт Умаралиев.

Жаш баланын туугандары кайрымдуулук көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылыгын билдирет.

"Атактуу ырчы Нюша бизди өзү таап, кайрымдуулук көрсөттү. Мындан сырткары анын күйөрмандары жана баардык кайдыгер карабаган адамдар каржы жактан жакшы жардам көрсөтүштү. Мен баарына бирден жолугуп рахмат айткым келет", — дейт Умаралиев.

Айдарга операция 21-апрель күнү жасалды. Эми эң оор делинген реабилитациялык иштери башталат дейт Тилек Умаралиев.

Тема боюнча

Орус ырчысы Нюша кыргызстандык оорулуу балага 300 миң рубль берди
Өлүм алдында жаткан кыз кантип Кыргызстандын сулуусу болду
Белгилер:
каражат, операция, Нюша

ЭҢ МААНИЛҮҮ