Атамбаев Үркүндө курман болгондорго арналган эстеликтин авторлорун кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев 1916-жылдагы окуялардын учурунда курман болгондорго арналган эстелик мемориалдын долбоорунун авторлорун кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев 1916-жылдагы окуялардын учурунда курман болгондорго арналган эстелик мемориалдын долбоорунун авторлорун кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курула турган долбоордун авторлору скульптор Сааданбек Ажиев менен архитектор Улан Бейшенбаев атайы жарыяланган сынактын негизинде жеңүүчү деп табылышкан.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 1916-жылдагы окуялардын учурунда курман болгондорго арналган эстелик мемориалдын долбоорунун авторлорун кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мемориал "Ата Бейит" комплексинин аймагына курулат. Президент анын эскиздери жана долбоордук документтер менен таанышып, курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алды. 

Генерал Панфиловдун айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тазалык" айкелдерди тазартып жатат
Эскерте кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жарыялаган ачык конкурста скульптор Сааданбек Ажиев менен архитектор Улан Бейшенбаевдин чыгармачыл тобу жеңип чыккан. 

Бул сынак эки ирет жарыяланып, анда өлкөдөгү белгилүү скульпторлор менен архитекторлордун ондогон долбоорлору жана иштери каралган.

Жолугушууга ошондой эле вице-премьер Гульмира Кудайбердиева, Тарых жана жана маданият жылы боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Султан Раев, "Мурас" фондусунун төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин жана Кыргыз эл жазуучусу, КР Баатыры Бексултан Жакиев катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0